Домой Саясат Абдыжапар Бекматов: “Турсунбек Акундун сотко кайрылууга укугу бар”

Абдыжапар Бекматов: “Турсунбек Акундун сотко кайрылууга укугу бар”

7

Bekmatov A 07022013Кызматтан кеткен Акыйкатчы Турсунбек Акундун ордуна ким келери сентябрь айында белгилүү болот. Жакын арада бул орунга талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыяланат жана талапкерлердин арыздары фракцияларда каралат. Бул тууралуу маалымат жыйынында депутат Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, кызматтан четтетилген Турсунбек Акун өзүнүн укугун коргоо үчүн сотко кайрыла алат.

“Акыйкатчыны кызматтан бошотуу боюнча парламенттин токтомун сот аркылуу жокко чыгарууга укугу бар. Эгер сот анын пайдасына чечим кабыл алса Жогорку Кеңеш баш ийет”, – дейт ал.

Эске салсак, кызматтан четтетүү боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмү каралып аткан учурда акыбалынын начарланышына байланыштуу Турсунбек Акунду тез жардам алып кеткен. Акыйкатчыны кызматтан кетирүү боюнча депутаттардын көпчүлүк добушу менен чечим Т. Акундун катышуусусуз кабыл алынган