Домой Коом Ачкачылык акциясы күндүз гана өтөт, “чисто для показухи”

Ачкачылык акциясы күндүз гана өтөт, “чисто для показухи”

1

ДемотиваторБишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча 16-октябрдан бери ачкачылык акциясын өткөзүп жаткан “Жаңы муунчулар” күндүзү гана отуруп, кечинде эс алганы жана тамактанганы кетип жатышат.

Анткени БШИИБнин милициялары аларды күнү-түнү коопсуздугу үчүн жооп берип, кайтарып турушмак. Бирок алар түнкүсүн Горький скверинде жок болушкан. Жергиликтүү басылмалардын сайтындагы видеодо алар эртең менен кафеден чыкканы, андан машиналары менен күлүп-жайнап келип чогулганы тартылган.

Жаңы муунчу Тимур Саралаев акциянын башында милициялар менен алышып кетип, колун сындырып алган имиштенип, гипс таңдырып жүргөн. Ал эми 22-октябрь күнү, колу “сынгандан” кийин бир жума өтпөй гипси жок эле, “фейсбукта” кычырап Азербайжанда сүрөткө түшкөнүн көрдүк.

Не демекчибиз, “атың чыкпаса – жер өрттө” дегендей, “ачкачылык кылсаң – колуңду сындырымыш бол”!

Айбат гезити №101