Домой Маек Айбек Бакзов, куруучу: “Азыр элдин баары мурдагыдай болбой, өздөрү эле тандаганга мүмкүнчүлүктөрү...

Айбек Бакзов, куруучу: “Азыр элдин баары мурдагыдай болбой, өздөрү эле тандаганга мүмкүнчүлүктөрү бар”

17

курулуш– Айбек мырза,  Парламенттик шайлоо күнүнө саналуу гана күндөр калды. Бул шайлоодо сиздин жеке оюңузча карапайым калктын тандоосуна бийлик тараптан эч кандай чектөөлөр болгон жокпу?

– Бийлик тараптан эч кандай чектөө коюлганын көргөн да, уккан да жокмун. Азыр элдин баары мурдагыдай болбой, өздөрү эле тандаганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Мурдагы бийлик учурундагы шайлоо оюндарын айтпай эле коёюн. Кудайга шүгүр, азыр баары оңолуп баратат.

– Көбүрөөк добуш алуу үчүн айрым партиялар шайлоочуларды акчага да сатып алууга аракет жасашууда. Бул туура аракетпи?

– Өздөрү мандат алуу үчүн акча тараткандар мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобостон, кызматтык абалын пайдаланып, акча жеш үчүн баргысы келгендер. Алар азыр чачкан акчасынан 10 эсе ашыгы менен элдин байлыгын жеп-жутуп, бат эле кайра чыгарып алат. Андыктан абийир алып келет дегенден алысмын.

– Жеке сиз өзүңүз шайлоодо партиялардын капчыгына карайсызбы, же жасаган ишинеби?

– Мен акчага карап добуш берген адам эмесмин. Шайлоо ар бир адамдын милдети гана болбостон, укугу катары кароосу абзел. Ошондуктан укугун эч ким акчага саткысы келбейт. Анткени ал- анын укугу.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)