Домой Шоубизз Айбек Бакытбеков Юрмалага кетти

Айбек Бакытбеков Юрмалага кетти

2

1Жыл сайын Юрмала шаарында өтүүчү «Жаңы толкун» сынагын көзөмөлдөшкөн атайын калыстар тобунун тандоосу менен Айбек Бактыбеков Кыргызстандын намысын коргомокчу болгон. 5-июль күнү, борборубуздун белгилүү караокелеринин биринде Айбек Бакытбековду Юрмалага расмий түрдө узатуу аземи болуп өтүп, ал кечеде ырчынын дос туугандары, жакындары төрдүн көркү болуп отурушту.  Жана бул күнү ырчыны узатышып Курмангазы Азыкбаев баштаган улуу муундагы таланттар менен Айбектин сахналаш достору NON STOP дуэти, Сайкал, Иса, Анжелика, Кундуз, Тамашоунун жигиттери жана башкалар да болушту. Эскерте кетсек, Айбек азыркы тапта Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын студенти. Талантуу ырчыга чоң ийгиликтерди каалайбыз, жеңиш менен келишине тилектешпиз!