Домой Коом «Айкөл Ала-Тоо» бирикмеси жалпы элди – жалган саясатчыларга алданбоого чакырат

«Айкөл Ала-Тоо» бирикмеси жалпы элди – жалган саясатчыларга алданбоого чакырат

2

Айкөл Ала-ТооУчурда бириккен оппозициялык кыймылда жүргөн бир катар саясатчылар Кыргызстандагы кырдаалды курчутуп, келечек муундун тагдырына балта чаап жатат, деп эсептейт «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси. Бул тууралуу «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү  АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында билдиришти.

“Учурда бийлик үчүн күрөшүп, оппозициянын катарында жүргөн саясатчылар мурунку бийлик учурунда мамлекетке кол салуу менен байып алышып, эми ошол каражаттарын чачып жатышат” – деди, аталган коомдун өкүлү Мээрбек Мискенбаев.

Алардын маалыматына караганда, алар элди акчага сатып алууга аракет жасоо менен элди маңкурт сымал ойлоп жатышат. Оппозициянын катарында жүргөн Азимбек Бекназаров, Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков өз көмөчтөрүнө күл тартып, Акаев учурунда эле байып алышкан. Алардан эч качан жакшылык күтпөшүбүз керек.

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлү Кыргызбек Жумаканов оппозиционер Р.Жээнбековду Кыргызстанды оор абалга алып келгендердин бири, деп эсептейт. Р.Жээнбеков мурунку бийлик учурунда мамлекеттин бир катар менчигине кол салып, арзан баада сатып алган. Ошондой менчиктердин бири Бостериде жайгашкан «Асыл-Таш» пансионатын 12 млн сомго сатып жатыптыр. Ошондой эле, «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жалпы элди ар кандай чагымчылдыкка алдырбастан, жалган күйгөн саясатчыларга алданып калбоого чакырабыз, деп кошумчалашты.

Айбат гезити №72