Домой Коом “ Аймактардагы чек ара кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун негизинде Кыргызстан менен АӨБ дун...

“ Аймактардагы чек ара кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун негизинде Кыргызстан менен АӨБ дун ортосундагы келишим ратификацияланды

5

граница2013–жылдын 22-майында борбор калаабыз Бишкекте  Азия Өнүктүрүү Банкы менен Кыргызстандын ортосунда “Аймактардагы чек ара кызматтарын жакшыртуу” долбоорун каржылоо  тууралуу келишимине кол коюлган эле. Президенттин басма -сөз кызматы билдиргендей кечээ 15-июлда бул келишимге өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мыйзамга ылайык Каржы министрлиги аталган келишим күчүнө кириши үчүн  Азия Өнүктүрүү Банкын мамлекеттин ички тартиптери менен тааныштыруусу абзел.

Эскерте кетсек мыйзам 2013-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, ал официалдуу түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.