Домой Шоубизз Айпери Кубик кызы: “Диплом жазганда тыныгуу болуп, эми жаңы дем менен чыгармачылыкка...

Айпери Кубик кызы: “Диплом жазганда тыныгуу болуп, эми жаңы дем менен чыгармачылыкка кириштим”

28

Кубик кызы АйпериШоу-бизнестеги бойдок кыздардын катарын толуктап келаткан ырчыАйпери Кубик кызы Супер.KG порталына берген интервьюсунда жаңы дем менен чыгармачылыкка баш-оту менен кирише турганын айтты. “Башында үч жылдай талыкпай эмгектендим, анан диплом жазууга туура келип, чыгармачылык токтоп калды. Азыр болсо жаңы күч менен аралаша баштадым” деген ырчы чыгармачылык, турмуш, жашоого көз карашы жана жаңылыктары менен бөлүшкөн.

Ошондой эле “Акыркы берген маегиңизде “турмушка аттанайын деп жатам, бирок коркуу сезимдери курчап турат” дедиңиз эле. Коркуу сезимдери жеңилдиби?” деген суроого: “Ооба. Чындыгында, күйөөгө чыгууга даяр эле болуп калдым. Ал адам барбы, жокпу, той качан болорун азыр айта албайм. Убагы келгенде өзүм силерге жар салам”,- дейт Айпери Кубик кызы.

Айбат гезити №78