Домой Экономика Айыл чарба өндүрүшчүлөрү 25% гана күйүүчү май менен камсыз болушту

Айыл чарба өндүрүшчүлөрү 25% гана күйүүчү май менен камсыз болушту

3

гсм

Айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн түшүм жыйноо маалына даярдыгы тынчсызданууну пайда кылат, анткени алардын күйүүчү май жана бензин менен камсыздалышы болгону 25 пайызды түзөт. Бул тууралуу кечээ, 17-июлда Экономика министрлигине болгон жыйында министрдин орун басары Санжар Муканбетов билдирди.

Анын берген маалыматына таянсак, түшүм жыйноо маалынын башталышында айыл чарба техникаларынын үчтөн бир бөлүгү оңдоодон өтпөй турат. “I жарым жылдыкта айыл чарбасындагы өндүрүштүн реалдуу өсүшү 1,9 пайызды түздү. Азык-түлүк коопсуздугу камсыз кылыш үчүн быйыл айдоо аянтчаларынын түзүмүнө сезилердик өзгөрүү киргизилген. Буудай аянты 34 миң гектарга көбөйтүлдү, башка дан эгиндеринин аянты 24 миң га, кант кызылчасы 1,7 миң га кеңейтилди”,- деп белгиледи Муканбетов.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227561