Домой Экономика «Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо» боюнча макулдашуу ратификацияланды

«Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо» боюнча макулдашуу ратификацияланды

4

инвестиция

Президент Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 20-майында кол коюлган «Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо» боюнча каржылоо жөнүндө КР менен Эл аралык өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү Ассоциациясына кыргыз тараптын жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоо тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.