Домой Коом Ак-Сууда аялдардын жатак үйүндөгү абал тууралуу дооматтар негизсиз экени аныкталды

Ак-Сууда аялдардын жатак үйүндөгү абал тууралуу дооматтар негизсиз экени аныкталды

7

Ак-СууЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы аялдардын психоневрологиялык жатак үйү боюнча арызда көргөзүлгөн дооматтар аныкталган жок. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы аялдардын психоневрологиялык жатак үйүндө август айында Бишкектен келишкен «Психикалык ден соолук жана коом» деген коомдук уюму келип текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө төшөктө турбай жаткан оорулуулар каралбай денеси бышып кеткени белгилүү болгон. Мындагы оорулуу аялдарды фермерлерге жумушка беришет, каза болгондорду туугандарына кабарлабай, сөөгүн медициналык текшерүүдөн өткөрбөй көмүп коюшат деген жыйынтык чыгарышкан. Анын жыйынтыгы боюнча уюмдун өкүлдөрү Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Ошого байланыштуу курамында облустук мамлекеттик администрациясынын, Акыйкатчынын Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн, облустук ҮДБ, облустук СЭС кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия арыз боюнча текшерүү жүргүзүшкөн. Акыйкатчынын Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн маалыматында, арызда көргөзүлгөн дооматтар аныкталган жок. Арыз негизсиз жазылган. 20-сентябрда Жогорку Кеңештин укук коргоо комитетинин төрагасы Э.Алымбеков баштаган төрт депутат, тийиштүү мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү катышкан ЖКнын укук коргоо комитетинин көчмө отурумун Теплоключенко айылында өткөрүштү.

Көчмө отурумдун катышуучулары тарабынан бул маселеге акыркы чекит коюлду. Ак-Суу райондук психоневрологиялык аялдардын жатак үйүндөгү абал тууралуу башкы прокуратурага жазылган арыздагы дооматтар негизсиз экени тастыкталды.

Айбат гезити №49