Домой Коом Ак-Талаа районуна 6 айда 31 млн 160 миң 700 сом инвестиция тартылган

Ак-Талаа районуна 6 айда 31 млн 160 миң 700 сом инвестиция тартылган

18

f_11Нарын облусунун Ак-Талаа районунда ушул жылдын 6 айында тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 31 млн 160 миң 700 сомду түздү. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамадминистрациянын жарым жылдык отчетунда айтылды.

Маалыматка таянсак, райондун ички инвестициясы 2 млн 750 миң 406 сом болсо, тышкы инвестиция 28 млн 410 миң 294 сомго жеткен, башкача айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу бул жылы инвестиция 13 млн 638 миң сомго көп тартылган.

Мындан тышкары, маалыматта айтылгандай, 2012-жылы Кара-Бүргөн айылындагы клубдун капиталдык ремонтуна үлүштүк гранттан 1 млн 874 миң сом бөлүнүп, бирок ушу кезге чейин оңдоп-түзөө иштери бүтпөй турса, Терек айылындагы коомдук мончого да 2 млн 176 миң сомго долбоор жазылып, 1 млн 966 миң сом акча каражаты келип, эмдигиче курулуш иштери бүтпөй келет.