Домой Экономика Ак-Талаада 6 айдагы эт, сүт өндүрүмү өткөн жылга салыштырмалуу жогорку көрсөткүчтө

Ак-Талаада 6 айдагы эт, сүт өндүрүмү өткөн жылга салыштырмалуу жогорку көрсөткүчтө

3

мясо Нарын облусунун Ак-Талаа району боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында айыл жеринде жумуртканын даана өндүрүмү 323 миңге жетсе, чийкилей эттин өндүрүмү 3 миң 292 тоннага жеткен. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик статистика бөлүмү билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев.

Маалыматка таянсак, бул жылга таза сүттү өндүрүү 6 миң 298 тн болсо, жүндүн өндүрүмү 257 тн жеткен. Өткөн жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырмалуу бул жылы бардык өндүрүмдөр жогорку көрсөткүчтө өндүрүлгөндүгү айтылат.

Эске салсак, 2012-жылдын ушул мезгилинде эт 3 миң 289 тн, сүт 6 миң 285 тн, жүн 256 тн өндүрүлгөн.