Домой Коом Ак үйдөгүлөрдүн көзүн май басканбы, эшигинин алдындагы көйгөйдү көрбөй?

Ак үйдөгүлөрдүн көзүн май басканбы, эшигинин алдындагы көйгөйдү көрбөй?

3

Бишкектин борборунда жайгашкан Профсоюз үйүнүн артында, абдан кызык “картина” көрдүк. Советтер союзунда чыгарылган “Жигули” (мам. номери B2586Z)эмне жүктөп алганы белгисиз, бирок сырткы келбетине караганда ал, акыр-чикир ташыйт окшойт, сарыгып аккан суусу машинени жагымсыз кебетеге келтириптир. Мындай көрүнүш көп суроолорду туудурду: бул машине, ушундай кебетеси менен шаардын борборунда эмне кылып жүрөт; экология жана тазалык инспекциясы эмнеге карабайт; МАИ кызматкерлери жолдо бул машинени көргөн жокпу жана көрсө айып салбайбы?!

Бул машинени көргөндөр “биздин айылда да мындай машине жок” деп таң калганын айтпаганда, биздин Кыргызстанга келген  коноктор эмне деп ойлойт???

Барынан кызыгы, бул машине ак үйдүн жанында дайыма турат экен. Бирок эмнесин айтасың, ак үйдөгүлөр жанына 7 кабат бизнес борборунун курулуп жатканын көрбөгөндөн кийин, ушу “кымындай” көйгөйдү көрмөк беле…

27032014111 ВАЗ

27032014110 ВАЗ

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №71