Домой Саясат Akin Gump эксперттери М. Бакиевдин уурдаган акчаларын кайтарууга убада беришти

Akin Gump эксперттери М. Бакиевдин уурдаган акчаларын кайтарууга убада беришти

1

akin gump

23-июндан 28-июнга чейин Akin Gump Strauss & Feld LLP эл аралык юридикалык компаниясынын өкүлдөрү Пол Батлер, Т. Тоби жана Т. Маккартни Кыргызстанга келип кетишкен. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Компаниянын эксперттери активдерди уурдап чыгарып кетүү боюнча кылмыш ишинин тергелип жатышы тууралуу маалымат билиш үчүн компетенттүү министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушкан. Ошондой эле алар уурдалган активдерди кайтарып алуу тууралуу иш-аракеттер планын билгилери келген.

Эми эксперттер өкмөткө республикадан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтарып алуу максатында акысыз жардам берүү каалоосун билдиришти.

Akin Gump компаниясынын эксперттери АКШ Максим Бакиевге таандык банк эсебинен 5,4 млн долларды камакка алганын билдирди. Мындан тышкары экс-президенттин уулун алдамчылыкка айыптоо ишинин алкагында 9 млн доллары тоңдурулду.

Ошол эле маалда Akin Gump юридикалык компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстан АКШнын бийлигине Максим Бакиев тарабынан жасалган экономикалык жана башка кылмышты далилдеген расмий кайрылуу аркылуу бул акчаны алууга талапкер боло ала турганын белгилешти.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227668