Домой Саясат Акматбек Келдибеков ноябрда кайтып келеби?

Акматбек Келдибеков ноябрда кайтып келеби?

5

Келдибеков АхматбекМамлекеттик салык кызматынын жетекчиси, мамлекеттик социалдык фонддун төрагасы жана ЖК спикери кезинде өлкө казынасына 40 млн. сомдук зыян келтирген делип шектелип, кылмыш иши козголгон Акматбек Келдибеков учурда Германияда дарыланууда. Ал эми анын көрөр көзү Аида Токтоматова Кыргызстанга кайтып келип, парламенттеги айрым депутаттар, оппозиция өкүлдөрү менен жолугууга ниеттенип жатыптыр. Сүйлөшүүнүн өзөгүн Келдибековду мекенине кайтаруу жана анын тагдырын чечүү түзөрү турган иш. Аида айымдын сүйлөшүүсүнөн кандай жыйынтык чыгарын убакыт көрсөтөр. Ошентсе да, Бөдөш Мамырова, Жылдызкан Жолдошева сындуу депутаттар парламент трибунасынан А.Келдибековду кайрадан коргоп, аны актоо демилгесин көтөрүп чыгарын божомолдой берсек болот.

Айбат гезити №99