Домой Коом Аксакалдар Турдакун Усубалиевдин пенсиясын көбөйтүүнү суранышат

Аксакалдар Турдакун Усубалиевдин пенсиясын көбөйтүүнү суранышат

8

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Кыргызстандын аксакалдары парламент депутаттарынан Турдакун Усубалиевдин пенсиясын көбөйтүүнү суранышат. Бул тууралуу 14-августта “Теңир-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Асеин Аракеев билдирди. Эске салсак, Усубалиев 1961-1985 жылдар аралыгында Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп эмгектенген. Анын айтымында, Усубалиевдин пенсиясы “болгону 18 миң сом”. Аксакалдар анын пенсиясынын өлчөмү экс-президент Роза Отунбаеванын пенсиясына тең болушун каалап жатышат. Белгилей кетсек, Отунбаева 100 миң сом өлчөмүндө пенсия алат.

Айбат гезити