Домой Дүйнө кабары АКШ авиакаттамдары iPad’дын айынан үзгүлтүккө учурады

АКШ авиакаттамдары iPad’дын айынан үзгүлтүккө учурады

5

Пилот, iPodАКШнын American Airlines авиакомпаниясы Apple компаниясынын Айпаддар үчүн чыгарган тиркемесиндеги кемчиликтен улам көптөгөн каттамдары токтотулганын айтып чыкты.

Айпаддагы тиркемени аталган компаниянын учкучтары учуу пландарын алуу жана окуу максатында колдонушчу.

2013-жылы American Airlines авиакомпаниясынын пилоттору ары-бери жүргөндө оор кагаздарды көтөрүп жүрбөстөн, мына ушундай Айпаддарды колдонуп башташкан эле.

Эми тиркемелер эмне үчүн иштен чыкканын, анын канча зыян алып келгенин компания териштирип баштады.

Тиркеме иштеп чыгарган Curbstand компаниясынын башчысы Серж Гойкович да учактагы жүргүнчүлөрдүн арасында болгонун, анын колундагы iPad тиркемеси да иштебей калганын айтып чыкты.

Ал өзүнүн блогуна Сан-Францискодон Лос-Анжелеске бараткан учактын пилоттору качан гана маалыматтарды кагазга басып келгенден кийин гана учак асманга көтөрүлгөнүн жазды.

Айбат гезити №126