Домой Кызыктар дүйнөсү АКШнын коопсуздук кызматы күнүнө дүйнөдөн телефон аркылуу 200 млн маалымат алат

АКШнын коопсуздук кызматы күнүнө дүйнөдөн телефон аркылуу 200 млн маалымат алат

7

NSAАмериканын коопсуздук кызматы (NSA) күнүнө дүйнөдөн уюлдук телефондордон 200 миллион маалымат көчүрүп алат.Бул туралуу Англиянын Guardian гезити жазып чыкты. Басма АКШнын мурдагы тыңчысы Эдвард Сноуден берген маалыматтарына шилтеме жасап, Американын коопсуздук кызматы (NSA) дижитал GCHQ программы аркылуу күнүнө дүйнөдөн уюлдук телефондордон 200 миллион маалымат көчүрүп алаарын кабарлады. Бул программа аркылуу жоопсуз чалууларды жасап, электрондук дареги жана башка ысымдарга кире алышат. 2012-жылга чейин жүргүзүлгөн бул иш чараларда шек санаган бардык маалыматтар чогултулуп келген.

Айбат гезити №62