Домой Кырдаал Аксы районунда сел жүрүп, турак-үйлөрдүн короо сарай жана огороддорун суу каптады

Аксы районунда сел жүрүп, турак-үйлөрдүн короо сарай жана огороддорун суу каптады

1

Аксы району

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында 14-июль күнү саат 18:30дар чамасында Жылгын айылында сел жүргөн, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Селдин кесепетинен Молток-Сай сел өткөрүүчү каналдан келген сел суулары каналдан ашып, Жылгын айылындагы 7 турак-үйдүн короо сарайларын жана огороддорун сел суулары каптаган.

Авлетим айыл аймагында селдин кесепетинен Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сел өткөрүүчү каналдан келген сел суулары Тегирмен-Сай айылындагы 5 турак үйдүн огороддорун каптаган. Райондук жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.