Домой Коом Акыйкатчы эмнеге качат?

Акыйкатчы эмнеге качат?

9

Аманбаев БакытбекПарламенттин 4-июндагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков Омбудсмен Бакыт Аманбаев бешинчи жолу өз отчётун берүүдөн качып жатканын айтып капа болуп алды. А.Жээнбеков белгилегендей, ал буга чейин бир нече жолу аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берүүдөн качып, аны улам-улам артка жылдырып келет. “Ал 5-жолу качып отурат. Бул маселени апрель айында эле карайт болчубуз. Бирок, качкан менен пайда жок. Биз сентябрь айында да иштейбиз”, – деди Төрага.

Ошондой эле А.Жээнбеков Акыйкатчынын Женевага болгон 19 күндүк сапарын сынга алды. “Мен мындай даражадагы аткаминердин 19 күндүк сапарга чыкканын биринчи жолу көрүп жатам. Укуктары бузулган жарандарды ким коргойт?”, – дейт спикер.

Чын да, Аманбаевдин бир калбыры болбосо парламентке отчёт берүүдөн качмак эмес. Канчалаган адамдар укуктары бузулуп Акыйкатчынын эшигин сагалап жүрсө бул болсо Женевада 19 күн тайраңдап жүрөт. Уяты жок неме деген туура эле окшойт.

Айбат гезити №131