Домой Саясат Акыйкатчы шайланды!

Акыйкатчы шайланды!

5

Аманбаев БактыбекКечээ, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын шайлоо болуп, 2-турга калышкан талапкерлер Асия Сасыкбаева менен Бактыбек Аманбаев ат салышып, шайлоо жыйынтыгында ат чабым алдыга чыккан Б. Аманбаев Турсунбек Акундун төрүн ээледи. Мурдатан эл арасында “Атамекенчилер Асия Сасыкбаеваны өткөрөт экен”, -деген кептер суу кечпей, Асия айым жеңилүү ызасын тартып, шайлоо жыйынтыгында залды таштап чыгып кетти. Ал ортодо мурдагы Акыйкатчы жаңы шайланган акыйкатчы менен акый айтышам, ким келсе да кабинетти бошотуп бербейм, андан көрө ушул жерден өлүгүм чыксын деп көшөрүп отурат. Эми пайгамбар жашына келген Туке, жаңы шайланган жаш Акыйкатчыга ак батасын берип, төрдү бошотуп, акылмандык кылгыдай эле деп турабыз. Жаштар келсе иштесин да…

Айбат гезити №48