Домой Саясат Акыйкатчынын кызматына ал тургай участкалык милиционер талапкер болууда

Акыйкатчынын кызматына ал тургай участкалык милиционер талапкер болууда

0

фурашкаАкыйкатчынын кызматына Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер бөлүмүнүн участкалык милиционери дагы талапкер болууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда “ВБ”га адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш парламенттик комитетинин төрагасынын орун басары, КСДП фракциясынан депутат Абдыманап Кутушев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн башкы укук коргоочусунун ордуна төмөнкү 11 талапкер ат салышмакчы:

– Нурлан Мотуев – жеке ишкер;

– Рахатбек Касымалиев – К. Тыныстанов атындагы Ысык -Көл мамлекеттик университетинин юрист-консультанты;

– Рита Карасартова – КРдин президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти;

– Асия Сасыкбаева – Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;

– Чолпон Койчуманова – КРдин Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун илимий катчысы:

– Дилшад Нажмидинов – Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын Биринчи май районундагы 8-шаардык милиция бөлүмүнүн (ГОМ) участкалык инспектору;

– Өмүрбек Рыскелдиев – юрист;

– Мухтар Кожошев – КРдин Акыйкатчысынын орун басары;

– Акылбек Ташбулатов – “Ош областынын юристтери” – коомдук уюмунун башкармалыгынын мүчөсү;

– Досаалы Иманбердиев – КРдин президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын башкы илимий кызматкери;

– Нурбек Токтакунов – “Прецедент өнөктөштүк топ” – коомдук уюмунун директору.

Эске салсак, КРдин Акыйкатчысынын кызмат ордуна фракциялардан сунушталган талапкерлердин документтерин кабыл алуу ушул жылдын 15-августунда аяктайт.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/228033