Домой Саясат Акылбек Жапаровдон айла качып кутулбайт

Акылбек Жапаровдон айла качып кутулбайт

7

Акылбек Жапаров«Суу ичкен кудугуна түкүргөн» образындагы Акылбек Жапаров эмки парламенттик шайлоонун камын көрүп жүрү. Ал коомдук ишмер Болот Жанузаковдон «КУТ» партиясын сатып алып, партиянын катарын калыңдатууга киришти. Учурда сыртта бозгунда жүргөн Садыр Жапаровго «КУТтун» алдыңкы сабына кошулууну сунуштаганын билебиз. Бул эми узак сөз, ага токтолуп отурбайлы.

Акылбек мырза шайлоочуларды өзүнө имерүү үчүн ар кыл ыкмаларды колдонууда. Мисалы, эксперимент иретинде кредиттик компаниялардын бири аркылуу Ош жана Жалал-Абад облусундагы чакан кредиттик компанияларга 10 млн. сом үстөгү жок тараттырыптыр. А.Жапаровдун планына ылайык, кредитти алган компаниялар анын акысына белгилүү өлчөмдө добуш жыйнап бериши керек. Мындай ыкма канчалык деңгээлде натыйжалуу болорун шайлоонун жыйынтыгынан кийин билинет эмеспи.

Айбат гезити №95