Домой Коом Акылбек Сариев акыйкатчы болобу?

Акылбек Сариев акыйкатчы болобу?

0

акылбекОшентип, Турсунбек Акундан араң кутулган өлкөнүн парламенти Акыйкатчылык орунга сынак жарыялады. Тукебиз болсо өзүн дагы дале болсо Акыйкатчы деп эсептеп, “сот тыянагы чыкканча менин ордума шайлаганга болбойт” деп чырылдап жатыр. Кантсе да, “төркүнү” эмеспи, ал арада баягы укук коргоочулар чогула калып, “Батукаев боюнча башкалар калып, жалгыз эле Акыйкатчынын алынышы мыйзамсыз” деп ат кулактай арыздарды туш тарапка таркатышууда.

Ал эми бизге жеткен акыркы маалыматтар боюнча, Акыйкатчылыкка мурдагы талапкер, БШКнын мурдагы башчысы Акылбек Сариев бекилчүдөй болуп калды. Анткени, аны коалициялык көпчүлүк колдоого алат жана анын калыс принциптерден тайбаган, түз кылган аракеттери оппозициянын да добушун алууга шанс берет. Не болсо да күтө туралы, “туула элек козунун” баасын бычпай…