Домой Негизги Акылбек Жапаровдон “чаепитие”

Акылбек Жапаровдон “чаепитие”

8

Акылбек ЖапаровКечээ кечинде шаарыбыздын чок ортосунан орун алган “Дамаск” ресторанында “Бир-Бол”саясий партиясынын  штабынын, аппарат башчысынын орун басары Акылбек Жапаровдун чай берүү кечеси болду. “Бир-болдун” лөктөрү болгон Игорь Чудинов, Марат Султанов,  ж.бсы болуп 400гө чамалуу адам жыйналды. Марат Султанов кечигип калганына кечирим сурап, бирок Жапаровдун чогулушуна келгенин, сөз арасында бир-болчу деп кыйытты. Бирин-бири мактамайлар башталып, акыркы сөз Жапаровго тийип, сөзүндө партиянын катарына качандыр бир бийлик башына келген инсандар бар экенине токтолуп, кыскача маалыматы менен тааныштыра кетти. Шайлоо баштала элек жатып чай бермей башталдыбы? Эмне демекчибиз берген чайыңар даамдуу болсун. Акылбек мырза шаарда эле чогула бербей, Таласка деле баарып кетсеңиз болмок.

Айбат гезити №140