Домой Спорт «Алга» ири эсеп менен «Манас» командасын жеңди

«Алга» ири эсеп менен «Манас» командасын жеңди

5

футболКомандаларынын арасындагы футбол боюнча Кыргызстандын 23-чемпионатынын алкагында  15-апрелде бишкектик «Алга» менен «Манас» командалары беттеш өткөрдү. Эске салсак, аталган командалар өз ара 5-апрелде оюн  өткөрүшкөн, анда  «Алга» командасы  3:0 эсебинде утуп алган. 15-апрелде болгон экинчи оюнда да «Алга» жеңишке жетти.

Атаандашынын  дарбазасына «Алганын» оюнчусу Иван Филатов эки жолу топ киргизсе, бир жолудан Евгений Пилипас, Нуркал Сатаев жана Александр Бельдинов болушту. Оюндун  жыйынтыгы  5:0 эсебинде «Алганын» пайдасына чечилди. Эми 23-апрелде «Манас» менен «Абдыш-Ата» жолугат, ал эми «Алга» «Ала-Тоо» менен ойнойт.

Айбат гезити №74