Домой Коом Алмазбек Атамбаев: Эл бийликке ишениш керек

Алмазбек Атамбаев: Эл бийликке ишениш керек

18

Алмазбек АтамбаевПрезидент Алмазбек Атамбаев Бельгияга болгон иш сапары аяктаган соң журналисттердин суроолоруна жооп берип, бийликке жана Кыргызстандын келечегине ишенүү керектигин айтты.

“Биздин экономика өнүгөт деп ишенем. Биз бардык багыт боюнча – экономикада, инфраструктурада жана энергетикада алдыга жылышыбыз керек. Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстан түндө жакшы жарыктандырылат деп айткан эле. Эми Кыргызстанда да жарыктанышы керек. Эл бийликке ишениш керек”,- деди мамлекет башчы.

“Май айында кылмышкерлер Ысык-Көл облусунун элин митингге алып чыгышты. Эми андан эмне чыкты? Алар болгону элдин атынан өздөрүнүн чөнтөгүн толтурууну каалашкан. Бирок, Кыргызстан тагдыры – элдин колунда”,- деди Атамбаев.

Атамбаев ошондой эле 4 жыл бою талыкпастан президент катары кызмат кыларын айтты.

“Мени канчалык сынашпасын, мен барына чыдайм. Анткени бардыгын биздин мамлекетибиз үчүн жасап жатам. Башка мамлекеттерде баары жакшы деп айтышууда. Бирок, ШКУнун акыркы саммитинде бир министр – бизге чет элдиктер жардам бергенине карабай, силердин эл жакшы жашайт экен деп айтты”,-дейт мамлекет башкы.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/230725