Домой Коом Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы гарантиялык фонддор жөнүндө мыйзамга кол койду

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы гарантиялык фонддор жөнүндө мыйзамга кол койду

1

подписьПрезидент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө» Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргызстандагы гарантиялык фонддорду түзүүнүн жана алардын ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.