Домой Коом Алмазбек Атамбаев соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөчү мыйзамга кол койду

Алмазбек Атамбаев соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөчү мыйзамга кол койду

2

жогорку сотКыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу  КР Президентинин аппаратынан билдирген.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 30-майында кабыл алынган мыйзам Кыргызстандагы соттордун кылмыш ишинде баш коргоо чараларын өзгөртүү жана белгилөөдөгү көз карандысыздыгын бекемдейт.

Кыргыз Республикасынын кылмыш –жазык Кодексинин 106-беренесинин 1-бөлүгү “мамлекеттик саясый жана муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар  жана Кыргыз Республикасынын сотторду тандоо Кеңеши жеке кепилдик бере алышпайт” деген норма менен толукталган. Ошондой эле 122-беренеге аталган кызматтагы адамдар баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко ходатайтсво бере албайт деп кошулган.

Мыйзам расмий жарыяланган соң күчүнө кирет.