Домой Саясат Алтынды саткан «эргулдун» көксөөсү качан канат?

Алтынды саткан «эргулдун» көксөөсү качан канат?

6

Дастан СарыгуловАскар Акаевдин убагында «Кыргызалтын» ишканасын башкарып, ошол кездеги режимдин башкы идеологу саналган Дастан Сарыгулов аттуу агабыз бар. Дастан агабыз карыганда жөн карыбай, саясатка активдүү киришкени. Ал 6-сентябрда борбордогу «Достук» мейманканасында «Кумтөр» маселесин талкуулаган жыйын өткөрүптүр. «Курултайга» экс-спикер Мукар Чолпонбаев жана анын «соратницасы» Ыргалай Бекмуратова, укук коргоочу Акин Токталиев сындуу «лөктөр» катышып, «Кумтөр» элдики болуш керек!» деп айтыла берип ашмалтайын чыккан ураан-чакырыктарын ташташыптыр. Башкасы го башка, бирок убагында «Кумтөр» канадалыктарга кетип жатканда «лам» деп ооз ачпаган Сарыгуловдун түштөн кийин күйүмүш эткени аргасыздан алакан жайдырат.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №95