Домой Коом Алымбай Султанов: 2012-жылы 223 тонна чийки кара куурай жок кылынды

Алымбай Султанов: 2012-жылы 223 тонна чийки кара куурай жок кылынды

0

анашаБул боюнча Мамлекеттик баңгизатына көзөмөл кылуу кызматынын (МБКК) төрагасы Алымбай Султанов билдирди.

Айтымында, республика аймагында 10 миң гектар кара куурай өсөт, анын 1 миң 662 гектары жок кылынды.

Мындан тышкары МБКК түзүлгөндөн бери 50 тонна баңгизаты табылып, анын 5 тонна 821 килограммы оор маңзаты.

Ооганстан мурдагыдай эле баңгизатын таркатуу коргунучун туудуруп келет. «Ал жердеги абал оор, туруктуу эмес. Баңги бизнесинин трафиги туруктуу келип, ага көзөмөлдөөчү адамдардын колунда бийлиги бар. Кыргызстан БУУнун маңзаттары менен күрөшүү боюнча 3 конвенциясын ратификациялап, аларды активдүү ишке ашырып келет», – деди Алымбай Султанов.