Домой Саясат Амалдуу жигит жылтылдайт

Амалдуу жигит жылтылдайт

3

Адиль ТурдукуловСаясатка баш оту менен кирип алып жүзүн миң өзгөртүүгө кынык алгандар  үстүнөн таңке айдап өтсөң да какый белим дебейт. Чогуу бир үйдө жети жыл жашаган аялынын күйгөндөн айткан билдирүүсүнө лам дебей отуруп берген Адилбай  дале болсо өз репертуарында. Тескерисинче  ал пикирлештерине боору ачып кокуйлап жүрөт. Бул кезде  балакайлары эмне кылып оокат кылганына кызыгып да койбойт. Андан көрө ак үйдүн эшигин кайтарганы артык экен. Себеби ошол аркылуу күнүмдүк тамагын таап жатпайбы?

Үркөрдөй болгон таламдаштары ага көңүл айтып кайраттандырышууда. Ал тургай өзүлөрүнүн “патрону” катары көрсөткөндөн кайра тартышпайт. Мындай “оор” мезгилде тирөөч болбосо жалгыздап  жарып кетишери турган иш да? Турдукуловду “кумир” туткандар  дагы кайсыл кайбардын “жемин” жешээрин айттырбай деле баамдаса болот. Алар качкан- безгендердин “укугун” коргоого тикесинен тик турушаарын коомчулук билет. Берерин унутпаса эле болду…

Айбат гезити №135