Домой Саясат Аманова депутат болбойт

Аманова депутат болбойт

8

Роза АмановаБашында Розаны жакындан тааныгандар шайлоого аттаныптыр  деген сөздү укканда ичтери жылыган. Ал тургай “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынын тизмеси менен барары маалымдалган. Албетте, гендердик саясатка да бул туура келмек. Оозунда сөзү, капчыгында жетиштүү каражаты болгон соң эмнеге депутат болбойт экен  деген адилеттүү кептер айтылганы да ырас. Негизи  бул чечкиндүү кадамга  оң көз карашта болгонбуз.

Аттиң, бирок кубанычыбызга  муздак суу себилгенин  укканыбызда  нес боло түштүк. Чын эле Роза айым баштагы убадасынан кайттыбы? Буга эмне себеп болду экен? Баягы эле каражат маселеси тоскоол болдубу, же башка себептери барбы? Айтор, баш ооруткан туңгуюкка кептелдик. Балким  каныбызга сиңип калган куру намыс болуп жүрбөсүн? Анткени мурда эл көзүндө болуп жүргөн үлкөндөрдүн  жакындары ар кандай кычыткы сөздөрүн кулагына шыбырай берсе кожоюн деле тескериленип кетпейт деп ким кепилдик бере алат? Көрсө, анын маанилүү себеби бар экен. Кожоюну Кубанычбек Жумалиев “Бир бол” партиясынын онунчу тизмесинде катталды. Анан эстүү келин үйдөгү кожоюндан депутат болом деп орун талашмак беле? Айтор, өнөр жолундагы айым туура эле чечим чыгарыптыр.