Домой Коом Андай эмес, мындай экен

Андай эмес, мындай экен

5

Жалил СапаровГезитибиздин 07.08.2015-жылдагы чыккан санында ««Өнүгүү-Прогресс» Жалал-Абадда ММК булактарын көзөмөлдөп, Бакиевдердин саясатын жүргүзүп атабы?» деген темада макала жарык көргөн. Ал макалада Жалил Сапаров, Бактыкан Ажымаматова аттуу журналисттер бир эле учурда 3-4 жерде иштеп айлык акы алышат экен, анткени алар «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын пиарчылары экен деп айтылган. Мындан сырткары Арстан Якубов ЖТР телеканалында иштеп, «Өнүгүү-Прогресстин» ишмердүүлүгүн телеканал аркылуу бекер жарыялап турганы үчүн «Акыйкат» гезитине баш редактор болуп кетиптир деген маалымат кеткен. Жалпысынан бул аймактагы маалымат булактарынын жетекчилик кызматтарында дагы деле Бакиевдин убагында жетекчилик кылгандар тейлеп, дагы деле ошолордун кетменин чаап келет деп жазылган. Бул макала жарыкка чыккан соң бизге телефон чалуулар болуп, маалыматтын чын-бышыгын кайрадан текшерип көрсөк, жалган болуп чыкты. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» эмеспи. Андыктан биз кесиптештерибизге албан ийгиликтерди каалайбыз.

Айбат гезити №142