Домой Саясат Антикоррупциялык саясатты ишке ашыруу боюнча коргоо кеңешинин жумушчу тобу түзүлдү

Антикоррупциялык саясатты ишке ашыруу боюнча коргоо кеңешинин жумушчу тобу түзүлдү

9

коррупцияАнтикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун курамы түзүлдү. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жумушчу топтун курамы төмөнкүдөй:

Жунусов Бейшенбай Мамбетөмүрович — Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы, жетекчи;

Ахметова Нурсулу Меирбековна — Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, жетекчинин орун басары;

Бекмамат уулу Темирбек — Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары, жетекчинин орун басары;

Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары-Антикоррупциялык кызматтын директору, жетекчинин орун басары;

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Мамыркулов Алик Бейшенович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Жумакадыров Темир Курмангазиевич — Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары;

Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын директору;

Касымалиев Адылбек Алешович — Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;

Үмөталиев Эмилбек Сатарович — ишкер, «Кыргызконцепт» компаниясынын уюштуруучусу (макулдашуу боюнча);

Акматжанова Айгүл Аваскановна — көз карандысыз эксперт, «Коррупциясыз келечек — Трансперенси Интернешнл Кыргызстан» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Насыров Алмаз Турусбекович — көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Осмоналиев Кайрат Медербекович — көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Пономарев Сергей Васильевич — көз карандысыз эксперт, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси (макулдашуу боюнча).

Айбат гезити №53