Домой Коом Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты А.Арзымбаев бир айга камакка алынды

Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты А.Арзымбаев бир айга камакка алынды

3

АрзымбаевБишкектин Ленин райондук соту Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Алтынбек Арзымбаевди камакка алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда ИИМден билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, судья 16-июлда А.Арзымбаевге карата, аны бир ай СИЗОго камоо баш коргоо чарасын кабыл алды.

Эске салсак, А.Арзымбаев жабырлангуучу тараптан түшкөн арыз боюнча ири өлчөмдөгү аладамчылык ишине шектелүүдө.

Азыркы тапта тергөө ишин Бишкектин Ленин РИИБнин тергөө бөлүмү жүргүзүп жатат.