Домой Кызыктар дүйнөсү Аргентинада дүйнөдөгү эң чоң динозаврдын калдыгын табышкан

Аргентинада дүйнөдөгү эң чоң динозаврдын калдыгын табышкан

16

Динозаврлардын калдыктарынын ачылышы боюнча бул эң чоң калдык болуп саналат. Бул динозаврдын ачылышы Аргентинанын Патагондо табылган. Окумуштуулар «Титанозавр» деген динозаврдын жаңы түрүн таптык деп билдирүүдө. Бул динозаврдын калдыгын жергиликтүү фермер тапкан.  Окумуштуулардын айтымында  бул чоң динозаврдын узундугу 40 метр, ал эми бийиктиги 20 метрди түзгөн. Анын салмагы 77 тонна болуп мурунку дүйнөдөгү эң оор салмактагы “Аргентиназаврдан” 7 тоннага оор болгон.  Трель шаарындагы музейдин жумушчулары бул динозаврдын 150 сөөгүн жакшы абалда казып алышкан. Бул табылган динозавр 95-100 млн жыл мурун жашашкан деп билдирүүдө.

дино

дино 2

Айбат гезити №79