Домой Маек Аркадий Дубнов: “Бакиев чыныгы кылмышкер, анын иниси андан ашкан, колу канга малынган...

Аркадий Дубнов: “Бакиев чыныгы кылмышкер, анын иниси андан ашкан, колу канга малынган кылмышкер”

4

Аркадий ДубновОрусиялык журналист, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстандын канкор президенти Курманбек Бакиев тууралуу оюн ортого салган. Төмөндө ошол маекти кыскартып сунуш кылабыз.

– Беларус президенти Курманбек Бакиевге “Эл достугу” орденин ыйгарды. Буга кандай карайсыз?

–  Бакиев боюнча айтаарга сөз деле жок. Аны Акаев менен салыштыруу кыйын, анткени ал чыныгы кылмышкер деп ойлойм. Курманбектин иниси андан ашкан, колу канга малынган кылмышкер. Ал эми анын орден менен сыйланышын биринчи жолу сизден угуп жатам. Бул деген Минсктин Бишкекке Бакиевдин экстрадициясы жөнүндө унуткула деген ишараты. “Анткени биринчиден, ал беларус жараны, экинчиден, орден ээси, ошондуктан мен силердин дооматыңарды угуп да койбойм”,- дегени. Бул КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги өнөктөштөрдүн, ал тургай келечектеги Евразиялык же Бажы биримдиги боюнча өнөктөштөрдүн мамилесин көрсөтүп турат.

Булак: «Азаттык» радиосу

Айбат гезити №90