Домой Энергетика Артыкбаев «кышка карата 1 млн 985,8 миң тонна көмүр даярдашыбыз керек» дейт

Артыкбаев «кышка карата 1 млн 985,8 миң тонна көмүр даярдашыбыз керек» дейт

2

Артыкбаев

Өкмөттүн тапшырмасы менен кышка карата 1 млн. 985,8 миң тонна көмүр даярдоо кажет. Анын ичинде Бишкек жылуулук электр борборуна 850 миң тонна, бюджеттик мекемелерге- 223,3 миң тонна, калк үчүн-912,5 миң тонна көмүр керек. Мындай маалыматты кечээ, 14-августта экономика тармагынын жана калктын кышка карата даярдыгы боюнча республикалык штабынын жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, 69,43 миң тонна мазут даярдоо зарыл болсо, “Электр станциялары” ААКга -43,5 миң тонна мазут даярдоо зарылчылыгы бар. “2013-жылдын 1-августуна карата республика 158,5 миң тонна көмүр менен же жылдык көрсөткүчтүн 8 % болсо, учурдагы мерчемдин 89,4 % камсыз болду. Ал эми мазут 12,64 миң тонна же 18,21 % даярдалып, жылдык көрсөткүчтүн 88,16 % көрсөтөт”,- деди ал.

Айбат гезити