Домой Саясат Артыңда калбыры барлар, саясый банкротко чалдыккандардын «отряды» түзүлөбү?

Артыңда калбыры барлар, саясый банкротко чалдыккандардын «отряды» түзүлөбү?

3

Бекназаров АзимбекУбагында Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин колтугунда жүрүп, баштан ашкан байлык жыйнагандар бүгүн оппозиция терисин жамынып чыга келишти. Ал турсун, «Кумтөр» алтын кени боюнча түзүлгөн кыяматтуу келишимге түздөн түз катыштыгы бар фигуралар бүгүн жүзүн сыйрып, «Кумтөргө» күйүмүш эткенин көргөндө күйбөгөн жериң күл болот. Муну эркин депутат Равшан Жээнбековдун акыркы кездеги жүрүштөрү далилдөөдө. Ал «Кумтөр» боюнча 2003-2004 -жылкы келишимге байланыштуу сот алдында жооп берерин билгенден бери бийликти жарашса-жарашпаса деле сындап, шыбамайга өттү. Каралап эле тим калбастан Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Кадыров, Оштун экс -«кожоюну» Мелис Мырзакматов, Өмүрбек Суваналиев өңдүү саясаттан жыдыгандардын башын кошуп, президентти отставкага кетирүү, парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуунун үстүндө аракетин баштады. Бирок, анын мындай аракетин коомчулук түгүл кесиптештери колдогон жок. Мисалы, «ар-намысчы» Кожобек Рыспаев президент өз милдетин так аткарып жатканын, ал эми парламент мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керектигин билдирип, керек болсо Р. Жээнбековдун өзүн каматуу зарылдыгын баса белгиледи. Баштала элек жатып минтип кесиптештери тарабынан сынга алынган Равшан Бабырбекович эми шүк отуруп калабы же «бет тырмоочулугун» улантып, бийликке сүйкөнө береби?

Айбат гезити №69