Домой Саясат Аштан, көчтөн калгандар биригеби?

Аштан, көчтөн калгандар биригеби?

6

Акматбек КелдибековАлдыдагы парламенттик шайлоону утурлай жалаң «аштан, көчтөн калгандар» бириге тургандыгын «ошондойлордун» катарында турган саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди. Конкреттештирип айта турган болсок Акматбек Келдибеков, Кубатбек Байболов, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Абдрахманов сыяктуу бир да партияга туруктуу токтой албаган, тийди-качты позициядагылар, алардын катарына учурда өз фракцияларынан жээрилип аткандар Жылдыз Жолдошева, Мыктыбек Абдылдаев, Исмаил Исаков жана Бөдөш Мамыровалар кошулат экен. Башкы экс-БОКчунун айтымында азырынча булар кайсыл партиянын босогосун сагалап бара тургандыктарын аныктай элек. Болгону азырынча мына ушундай «ынтымакка» келип отурушат. Бирок, бири-биринен асман менен жердей айырмаланган бул эрендерибиз дүңү менен бир партиянын босогосунан аттап кетүүлөрү чоң күмөн жаратат. Аттап кирип кетишсе да, кайра ал партиянын ар кайсыл бурчунан «эшик» чыгарып качып кетүүлөрү да толук мүмкүн. Ошондо ал кайсыл партия болсо дагы туш-тушунан «тешик» чыгарылган тамтыгы кеткен партия болуп калат го…

Айбат гезити №136