Домой Саясат Асия Сасыкбаева саясат таануучунун сынына таарынды

Асия Сасыкбаева саясат таануучунун сынына таарынды

6

Сасыкбаева АсияЖогорку Кеңештин 5-декабрдагы пленардык жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева саясат тануучулар ЖК депутаттарынын Ысык-Көл облусунун Саруу айылына баргандыгын сынга алып жатат деп жинденди. “Жакында эле биз Саруу айылына барып келдик. Жергиликтүү тургундар менен жолуктук. Бул биздин мыйзамдуу укугубуз. Бирок кээ бир политологдор өздөрүнүн жылуу бөлмөсүндө отуруп алып, биздин сапарыбыз боюнча телеберүүлөргө комментарий берип жатат. Эми биз саясат таануучу Марат Казакпаевден уруксат сурайлыбы”,- деди Сасыкбаева.

Айбат гезити №56