Домой Маек Аскар Салымбеков: “Жумурткадан кыр издегенибизди токтотсок жакшы болот эле”

Аскар Салымбеков: “Жумурткадан кыр издегенибизди токтотсок жакшы болот эле”

7

Аскар Салымбеков– Аскар мырза, аты-жыты жалпы коомчулукка тааныш эмес “Мекенчил”, “Кыргыз-Ата” партиялары, «Алай жаштары” бирикмеси, “Күч-Бирдикте” укук коргоо уюму, «Кара кулжа» биримдиги сыяктуулар шайлоого бойкот жарыялап чыгышты. Алардын пикиринде бийлик биометрикалык каттоого алуу менен шайлоону жасалма өткөргөн атыптыр. Сиз буга кандай карайсыз?

– Бул айткандарына кошула албайм. Анткени бир канча өлкөлөр биометрикалык шайлоону өткөргөндөн кийин ызы-чуунун баары токтогон. Бу деген дүйнөлүк практика. Президент таза болсун деп ушул ыкманы колдоп жатат. Буга чейин таза шайлоо болбой жатат деп жакшы эле сынга алып келгенбиз. Мындай ызы- чуулар бизде да токтошун каалайм. Ансыз деле Президент кайра-кайра шайлоону таза өткөрөлү деп какшап эле келе жатат. Бизге окшогон эле Монгол өлкөсү ушул ыкманы пайдаланып, баары сонун болбодубу. Ушундай, жумурткадан кыр издегенибизди токтотсок жакшы болоор эле…

– Сиздер да булардай болуп шайлоого бойкот жарыялайлы деген оюңуздар жокпу?

– Мындай ой жок! Биз качанкыга чейин ушул таз кейпибиз менен олтура бермек элек. Ошол үчүн шайлоону жакшы өткөрүп, бойкот дегенди унутуш керек.

Айбат гезити №139