Домой PR Аскарбек КҮРҮЧБЕКОВ, режиссер: “Кегети тоосунда башкы каарманды ойногон жигитти жоготуп эсибиз ооду”

Аскарбек КҮРҮЧБЕКОВ, режиссер: “Кегети тоосунда башкы каарманды ойногон жигитти жоготуп эсибиз ооду”

22

1

14-ноябрдан тарта Кыргызстандын кинотеатрларында “Бархатный сезон” деген аталыштагы 3 D форматында тартылган алгачкы кино кино сүйүүчүлөрүнүн сынына коюлду. Аталган тасманын режиссёру Аскарбек Күрүчбековдон тасма туурасында төмөнкүлөрдү айтты.

– Аскарбек мырза, алгач кино туурасында кененирээк маалымат берип кетсеңиз? “Бархатный сезон” деген аталыштагы тасманы тартуу идеясы кандайча пайда болгон?

– Бул фильмдин идеясын Талант Рысалиев экөөбүз таап, чогуу сценарий жазууга кириштик. Көптөн бери жаштар чөйрөсүнө ылайыкталган жакшы бир тасма тартсакпы деп жүргөнбүз. Талант сценарийин баштап андан ары баарыбыз жазып баштадык. Ыраматылык Ренат Тентимишев да аралашып калды. Фильмди эки жыл бою тарттык. Керектүү техника камераларды изилдеп чыгып толук үйрөнүп, анан баштаганбыз. Албетте мунун баарын жасоо оңойго турбады. Анткени 3д форматы менен тартканга атайын камералар керек экен. Ал камералар Кыргызстанда жок болгондугу үчүн чет өлкөдөн ижарага алып келип тарттык.

– Тасманын стилистикасына токтоло кетсеңиз, кадр менен эмнени айткыңыз келди?

– 3д форматы менен Кыргызстандагы кино дүйнөсүнө жаңы нерсе киргизели дедик. Себеби биз жөнөкөй форматтагы кино көрүп жатканда дүйнө эли а тургай коңшулаш мамлекеттер эчак тартып жатышат. Биз деле башкалардан кем калышпай тартууга киришкенбиз. Албетте жаңы идеялар жаштардын башынан чыгат эмеспи. Тынымсыз аракетибиз менен тасманы тартып бүтүрдүк. Айтайын дегенибизди ар бир кино көрүүчү тасмадан көрүп биле алат.

– Кыргызстанда биринчи жолу 3 D форматында тасма тартылып жатпайбы, кандай өзгөчөлүктөрү бар?

– Өзгөчөлүктөрү албетте арбын. Али эч ким колдоно элек эффекттер колдонулду. Кооз жарыктар адамдын көңүлүн ачат. 3д форматы көз айнек менен көрүлүп, ар бир кадр 3 эсе көлөмдүү көрүнөт. Ушунусу менен кызыктуу болот.

– Техника жактан кыйынчылыктар болдубу?

– Ооба болду. Бирок биз атайын окуп чыгып, техника тилин издеп таптык. 3д технологиясы үчүн Кыргызстанда керектүү техникалар аз экен ошондуктан сырттан алып келип аттык.

– Тасма башталгандан бүткүчөктү болгон кызыктуу окуялар, кыйынчылыктар туурасында да айта кетпесеңиз болбойт го?..

– Кыйынчылыгы сценарий жазып баштаганда эле башталган. Биз өзүбүз курактуу жаштардын маселесин канткенде кызыктуу жеткиликтүү чагылдыра алабыз деп көптөгөн драматург агалардын сынынан өттүк. Андан сырткары тартуу учурунда Стамбулда 1 күн ачка калдык. Ага деле кайыл болуп ийгиликтүү бүтүрүп келгенибизге сүйүндүк. Кегетинин бийик тоолорунда суукка тоңуп тартып атып, башкы каарман жана тасманын режиссёру Талант Рысалиевди жоготуп алып үрөйүбүз учту. Ат менен кошо өзү жок. Карышкыр жойлогон ээн тоолордо оюбузга жаман нерселер келип эсибиз ооду. Турцияда жүргөндө оператор балабыз жоголуп кетип араң табылды.

– Экс-депутат Максат Кунакунов каржылаганы чынбы?

– Биздин топ башында өзүбүз тартып баштаганбыз. Андан кийин Максат байкеге кайрылдык. Ал биздей чыгармачыл жаштарды колдой берээрин билдирип, макул болду. Максат байке тасманын продюссери катары аягына чыгарууга жардам берди. Гезиттен пайдаланып Максат байкеге ыраазычылык билдирип кетебиз.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №53