Домой Негизги Асылбек Жээнбеков, ЖК спикери: “Оторбаев Кумтөр боюнча отставкага кетти”

Асылбек Жээнбеков, ЖК спикери: “Оторбаев Кумтөр боюнча отставкага кетти”

5

жээнбековЖогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Жоомарт Оторбаевдин отставкасын Кумтөр маселеси менен байланыштырды. Бул тууралуу төрага парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, Оторбаев өкмөт башчысы катары Кумтөр маселесин чече алган жок:

– Сизди отставкага кетирген негизги маселенин бири Кумтөр маселеси болду. Эки жыл бул маселени өкмөт чече алган жок. Сизге чейин Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү да аягына чыгара алган эмес, – деп Оторбаевге кайрылды.

Асылбек Жээнбеков Оторбаевдин отставкасын Кыргызстандагы жаңы саясий маданиятты түптөдү деп кошумчалады.

Бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр Оторбаев отставкага кетерин жарыялаган. Оторбаев былтыр апрелде “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” парламенттик коалициясы тарабынан көрсөтүлүп, дайындалган. Бул коалиция КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциясы кирет. Эми мыйзам боюнча өкмөт курамы толугу менен отставкага кетет.

Булак: “Азаттык” радиосу

Айбат гезити №125