Домой Саясат Ат көрбөгөн минип өлтүрөт

Ат көрбөгөн минип өлтүрөт

3

Өмүралиев АйбекБишкек шаардык  мэриясынын алдын дагы муниципалдык менчик  башкармалыгын  башчысы   Өмүралиев  Айбек  Медербекович келгенине  жыл  толбой  эле  кагынып силкинип  калганын кызматкерлери  маалымат жыйында кыйкырып чыгышты . Жаңы жетекчи жаңыча шыпырат десе эле эмгек кодексин колдонбой 20ын же он сегиз кызматкерин «өз каалоосу» менен деп жаздырып алса калганын Ормон опузага салып  кетирип жатканын түшүнүшө албай жатышат. Ал кызматка келгенче Бишкек шаарынын  мэри  Кубанычбек Кулматов менен бажы тармагында иштеп келгени айтылууда жана Казакстанда иштеп  бизнестин битин сыккан неме дейт билгендер. Кулматов жалаң  эле бажы тармагындагы досторун алып келе баштадыбы командасына? Ленин районунун акимине дагы ошол тармактан келгени айтылууда. Бул Өмүралиев  деген эргулду тыйып койчу бирөө жарым барбы? эмгек жамааты жакпай атса кетсин да догурунбай. УКМКга жана ондон ашык мекемелерге  45 кызматкердин колу коюлган  каттарынан жооп жок болгондуктан тажаган кызматкерлер массалык маалымат каражаттары аркылуу үндөрүн угузуп жатышат. Кыргызда сөз бар эмеспи «Ат көрбөгөн минип өлтүрөт, Кыз көрбөгөн……..»  ошол сыяктуу болуп жатат го.

Айбат гезити №106