Домой Саясат “Ата-Журт” менен “Ата-Мекендин” биригүүсү теориялык жактан да реалдуу эмес

“Ата-Журт” менен “Ата-Мекендин” биригүүсү теориялык жактан да реалдуу эмес

1

Ахматбек КелдибековЭл арасында кызуу талкууланып жаткан “Ата-Журт” партиясы менен “Ата-Мекен” партиясынын биригүүсү мүмкүн деген маалыматтын канчалык түрдө чындыкка жакындыгын билүү максатында, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Журт” партиясынын мүчөсү Ахматбек Келдибековго суроо узаттык:

– Ахматбек Келдибекович, жакынкы күндөрү маалымат массалык айдыңында, “Ата-Журт” партиясы, “Ата-Мекен” партиясы, тагыраак айтканда Өмүрбек Текебаев менен биригет деген кабар тарады. “Ата-Журт” партиясынын мүчөсү катары сизде кандай маалымат бар? 

– Мен бул маалыматты массалык маалымат каражаттарынан окуп, Абдылдаев Мыктыбек Юсупович ж.б биздин фракциянын депутаттарынан тактадым. Ким Текебаев менен башкача айтканда “Ата-Мекен” партиясы менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билбейт экенбиз, бирок Өмүрбек Чиркешович Текебаев же “Ата-Мекен” менен биздин биригүүбүз теориялык жактан алганда да реалдуу эмес.

– Көпчүлүк коалиция бузулат деген маалыматтын канчалык чындыгы бар? 

– Эми көпчүлүк коалиция бузулабы же бузулбайбы менин кабарым жок. Аны өздөрү чечишет го. Бирок чындык үчүн айтыш керек, бүгүнкү саясий кырдаал аябай оор!