Домой Саясат «Ата-Журт» партиясы тазаланбай эле, кайра көп аял алгысы келген Бакиевчилерди кошуп алууда

«Ата-Журт» партиясы тазаланбай эле, кайра көп аял алгысы келген Бакиевчилерди кошуп алууда

9

Марат КайповТарыхта адам баласы эки нерсе менен жазылып калат экен. Биринчиси, элге кылган жакшылыгы, улуу таланты, үлкөн эмгеги жана коомго татыктуу тарбия көрсөтө алгандыгы менен. Экинчи бир тарабы, баскынчылыгы, уятсыздыгы, канкордугу жана ойлонбой жасаган кадамдары менен жазылып калат. Мына ушундай ойлонбой жасаган кадамдары менен эсте кала турган саясатчылардын бири  кадимки көп аял алууну мыйзамдаштырууну көздөгөн, Бакиевдин убагында Юстиция министрлигин чеңгелдеп турган Марат Кайыпов деген эрен бар. Өзү убагында көп аял алууну мыйзамдаштырууну көздөгөнү менен, кызын кимдир-бирөөгө экинчи аял кылып бергиси келбегендигин жашырган эмес. Мына ушундан улам ал бул демилгесин өзүнүн ошол убактагы кожоюну Курманбек Бакиевдин токолдорун мыйзамдаштырып берүү үчүн гана сунуштап жатканы билинген. Ал Кыргызстанда аялзатынын укугун бузуп, кыз-келиндерди, энелерди «уктатпай» кыйнап жатканда, кара чечекей уулу Россиядагы шаарлардын биринде консулдукта иштеп жүрүп, мас абалында машине айдап жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган болчу. Демек, ал үйүндө да да балдарына тыңдап тарбия бере алган эмес. Министр кезинде «Мен түрмөлөрдү кыдыра коет элем» деп мамлекеттин эсебинен кымбат баадагы автоунааныалгысы келип, андайы кожоюнуна да жакпай уят болгон болчу. Мына ушундай куйту саясатчы апрель революциясынан бери карай эч кандай кызматта иштебей, аргасы куруп «Ата-Журт» фракциясынын эшигин жыртып жүргөнүн уккан элек. Кыязы ал Бакиевдин убагында басып алган акчаларынан тең бөлүшүп койгонбу, же аларды да «көп аял алууга уруксат алып берем» деп бал тилге салып жибергенби, айтор Марат мырза «Ата-Журт» фракциясынын атынан Сотторду тандоо кеңешине мүчө болуп келди. Муну менен «Ата-Журт» партиясы Бакиевчилердин катарын дагы бирөөнө көбөйттү десек болот. Эми ал сотторду кандай тандаарын ансыз деле жакшы түшүнөбүз. Бул жакка келүү үчүн ал жогоруда аты аталган фракциянын эшигин жыртып жүргөн күндөрдө кетирген акча каражаттарын кайра ордуна коюу үчүн абдан жакшы эмгектенет эмеспи? Буга чейин аталган партияны тазалыгысы келип аткан Камчыбек Ташиев эми эмне дээр экен? Же анын да оозун акча менен басып коюштубу?

Айбат гезити №81