Домой Саясат «Ата журтчула рды» ОБОНчула р, «бөдөнөнүн сүтүнө» ашык болгонд орколдойбу?

«Ата журтчула рды» ОБОНчула р, «бөдөнөнүн сүтүнө» ашык болгонд орколдойбу?

6

ОБОН

«Ата журт» партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду ОБОНчу эже-карындаштар гана колдойт экен деп жаңылышыптырбыз. Көрсө, аларды «бөдөнөнүн сүтүнө» ашык болгондор да жакташат экен. Буга 16-июлда Жогорку  оттун алдында болгон окуя далил болуп берет.

 «АКИ-пресс» агенттигинин Бишкек шаардык  ички иштер башкармалыгына таянып кабарлашынча, сот процесси баштала электе, тактап айтканда, саат тогуздар чамасында 50-60га чукул эл өкүлдөрүнүн жактоочулары жыйналышкан.  Алардын арасынан 35 жаштагы М.Садыкеев аттуу адам «жинди суудан» ашыкча шимирип алганбы, айтор, «эшек оюн» салып жибериптир. Мындан улам, аны Биринчи Май райондук ички  иштер бөлүмүнө алып келип, соттун чечиминин негизинде 100 сом «кустуруп» алышкан. Минтип «ак суучулдар» «ата журтчуларды» колдой башташса, ысымы аталган депутаттардын айласы алты кеткенби дейсин…

Айбат гезити