Домой Коом «Ата журтчулар» база маселесин соодалашуунун чордонуна айланттыбы?

«Ата журтчулар» база маселесин соодалашуунун чордонуна айланттыбы?

6

1Эл аралык «Манас» аэропортунда жайгашкан АКШнын транзиттик борбору боюнча келишимди денонсациялоого парламенттеги КСДП, «Ата мекен» жана «Ар-намыс» фракциясы макулдугун берди. Ал эми оппозициялык маанайдагы «Республика» менен «Ата журт» позициясын билдире элек. «Ата журтчулар» өткөн жумада бул маселени жабык эшик артында карап, бир пикирге келе алган жок. Жеке булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, «ата журтчулар» транзиттик борбордун арты менен соодалашуу жүргүзүүнү көздөп жатышкан экен. Талылуу маселени сагыздай чоюп жатканынын башкы себеби ушул дешет. Мына сага, бу элине, мамлекетине күйүмүш этип, бирок, түпкүлүгүндө жеке кызыкчылыгын ойлогон оппозициянын табигый жүзү эмеспи?! Эгер эртеӊки күнү бийлик «абысыӊдары»: «Американын жүк ташуучу борбору калышы керек» десе таӊ калбай эле койгонубуз оӊ.